Иранда бир сутка ичинде 100дөн ашуун адам коронавирустан каза болду

Иранда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 118 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Бул көрсөткүч менен Иранда коронавирус катталган алгачкы күндөн бери 22 миң 44 адам илдеттин курмандыгы болду.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус дагы 2 миң 26 адамдан аныкталып, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 382 миң 772 адамга жетти. Алардын ичинен 3 миң 695 бейтаптын абалы оор деп бааланууда, ал эми оорудан сакайгандардын саны 330 миң 308.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан