"Стамбулдан келген Кыргыз жараны дене табы көтөрүлгөн абалда Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасына обсервацияга жаткырылган. Андан алынган анализдин жыйынтыгынан коронавирус жок экендиги аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык, ал 14 күндүк карантинде жатат. Карантиндин 13-күнү экинчи ирет анализ алынат. Учурда Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Дене табы 36,6 градус. Көзөмөл улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Стамбулдан келген Кыргыз жаранынын дене табы жогорулап, инфекциялык ооруканага түшкөнү тууралуу жазылган.