Бүгүн, 13-апрелге карата республика боюнча дагы 227 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, бир сутка аралыгында ооруну жуктургандардын эң көбү Бишкекте катталды.
Бишкек шаары – 141;
Ош шаары – 6;
Чүй облусу – 64;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.
Өлкөдө илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 90 миң 599 болду.
Ал эми акыркы суткада 124 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 81;
Ош шаары –1;
Чүй облусу – 30;
Ош облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.
Жалпы айыккандардын саны 86 миң 152 бейтапты түздү.