Орусиянын Саха Республикасынын Якутск шаарында коронавируска шектелип обсервацияда жаткан 52 жаштагы эркек киши качам деп жатып каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал үчүнчү кабаттын терезесинен түшөм деп жатып кулап кеткен. Маркум буга чейин коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болгондон кийин обсервацияга алынган. Андан коронавирус инфекциясы аныкталган эмес. Ал бүгүн, 21-апрелде обсервациядан чыгарылмак.
Учурда Якутияда 116 адамдан инфекция аныкталса, 16 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.