Ирандын Ахваз шаарында 7 адам метил спиртине ууланып, каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркум жарандар аталган спиртти дүйнөнү дүрбөтүп, көп адамдын өмүрүн алып жаткан коронавирустан коргонуу максатында пайдаланышкан. Буга өлкөдө коронавирус инфекциясынан алкоголь жардам берет экен деген ушактардын тарап кетиши да түрткү болгон. Өндүрүштө колдонулчу спиртти ичүүгө дагы башка кандай себептер болгону так аныктала элек. Иранда алкоголдук ичимдик ичүүгө тыюу салынганы маалым.
"Тилекке каршы, 50гө жакын киши метил спиртин ичип ууланып, ооруканага жеткирилген. 7 киши каза болду. Айрымдары көрбөй калышкан. Алар интернет булактарынан метил спирти коронавирустун алдын алат деген маалыматты окуп, аны иш жүзүндө текшерип көрүүнү чечишкен", - деп Иран мамлекетинин прокуратура өкүлү Мохаммад Агаяри билдирген.
Бүгүнкү күндө Иранда коронавирусту жуктургандар - 7 миң 161 адам, каза болгондор - 237 адамга жетти. Аталган вирус дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө катталганы анык болду.
Маалымат үчүн: Метил спирти - коркунучтуу уу болуп саналат. 10 миллилитр көлөмүндөгү метил спирти оор ууланууга, көбүнесе көрбөй калууга алып келсе, 80-150 миллилитр ичүүдөн адам аман калбайт.