4-март күнү WhatsApp аркылуу "Таластагы Кара-Буура районундагы ооруканага коронавирус менен жабыркаган 2 Түрк жараны келип түштү" деген аудио тараган. Бүгүн, 10-мартта билдирүүнү тараткандар кармалып, алар кечирим сураганын Талас ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
"Аталган факт Талас ШИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, атайын топ териштирүү иштерин баштаган. Текшерүү учурунда жалган маалыматты тараткан делинип эки аял кармалды. Алардын бири Талас шаарынын 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу тургуну, экинчиси Манас районунун Бала-Саруу айылынын 1984-жылы туулган жашоочусу экени аныкталды.
Ал эми коронавирус менен жабыркаган жарандар Кара-Буура райондук ооруканасында деген маалымат такталган жок", - дейт маалымат катчы.
Талас ОИИБи жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.
Кармалгандар жалган маалыматты тараткандыгы үчүн кечирим сурашты.