Италия өкмөтү коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан жардам сурады

Учурда Италия өлкөсү вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн сап башына чыкты. Анда 10 миң 149 адам жабыркаса, 631 жаран каза болгон. Инфекция тез таралып жаткандыгына байланыштуу өлкөдө медициналык товарлардын жетишсиздигинен улам Италия өкмөтү Кытайдан көмөк сурап кайрылды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, мындай өтүнүчтү Италиянын премьер-министри Луиджи Ди Майо Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирген.

"Италиядагы эпидемиологиялык абал учурда оор. Өлкөбүз Кытайдын эпидемияга каршы күрөшүү тажрыйбалары менен тыкыр таанышып, үйрөнүп жаткан кезибиз. Италияда медициналык товарлардын жана жабдыктардын жетишсиздигинен көйгөй жаралууда. Бул жаатта Кытай өлкөсү көмөктөшөрүнө ишенип турабыз", - деген Италиянын премьер-министри.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Samatalibei
2020-03-11 14:14:05
Италия Кытайдан жардам сураса! Кытай Салымбековдон жардам сураса бизге ким жардам берет?
+3
MOTOP
2020-03-11 19:08:55
Samatalibei,кытай качан салымбековдон жардам сураптыр? Кошуна катары гумпомощь жонотуп койсо, жардам сурап деп тушунуп алган сага бали!
0
Globalnews
2020-03-11 14:34:48
кыргызстандагы масканын баарын Салымбеков Кытайга сатып туготуптур да
+3
MOTOP
2020-03-11 19:10:14
Globalnews,Салымбеков эмес бизнесмендер миллиондоп сатып алышып койгон, кытай оздору маска чыгарышат миллиарддап
0
Jelezo
2020-03-11 15:52:55
Арстан Алай турганда кыргызга вирус келбейт
-4
Globalnews
2020-03-12 08:20:46
MOTOP Кыргызстандагы маскалар Москва аркылуу кытайга сатылды. кытайда ал кезде триллиард маска болсо да жетпей калып дуйно жузунон сатып алып жатышты 10 эсе кымбат баада.
0
MOTOP
2020-03-12 20:54:30
Globalnews,бишкекте оптом 6 миллион маска деп жургондоп кимдер анда?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан