Кытайда акыркы бир сутка ичинде 27 адамдан коронавирус аныкталды. Андан сырткары 7 бейтапта оору байкалбай өтүп жатат, ошондой эле 12 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вирус жуктуруп алган 27 адамдын 22си Пекин шаарынан аныкталган, 1 адам Хубэй провинциясынан, дагы 4 адам сырттан келгендер.
Коронавирустун очогу болгон Кытайда инфекция башталгандан бери жалпы 83 миң 352 адам вируска кабылган. 78 миң 410 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Мындан тышкары 308 бейтап COVID-19 диагнозу менен ооруканада дарыланып жатат. Ал эми бул илдеттен көз жумгандардын саны 4 миң 634.