Жер шарындагы эң жаш миллиардер Кайли Женнер коронавируска каршы күрөшүү үчүн дарыгерлерге 1 миллион доллар бөлдү.
Таис Алиабади аттуу дарыгер колунда бар жарандардан эң зарыл болгон медициналык каражаттарга (бет кап, кол кап, халат, коргоочу костюм) жардам берүүсүн суранып "100000 Mask Challenge" аттуу челленж жарыялаган. Дарыгердин бул идеясын эң жаш миллиардер аталган модель Кайли Жаннер колдоп, коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, вирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге бет кап жана башка медициналык каражаттарга 1 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат бөлгөн. Бул тууралуу дарыгер Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирип, моделге ыраазычылыгын билдирген.
Айта кетсек, Кайли Женнер "Kylie Cosmetics" деген косметикалык компанияны негиздеген, ошондой эле "Bloomberg" журналы аны дүйнөдөгү эң жаш миллиардер деп атаган.