Коронавирус чуусунан улам футболдогу токтотулган ири турнирлер

Коронавирус оорусу кеңири кучак жайгандыгы дүйнөлүк спортко чоң таасирин тийгизди. Көптөгөн турнирлерди өткөрүү мөөнөтү жылдырылса, айрымдары такыр эле токтотулду. Коронавирус чуусунан улам футбол боюнча токтотулган жана убактысы жылдырылган ири 10 турнир:

1. Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасы - белгисиз мөөнөткө жылдырылды;

2. Англия Премьер-Лигасы (АПЛ) - 4-апрелге чейин токтотулду;

3. Испания чемпиондугу (Ла Лига) - жок эле дегенде экинчи турдук оюндарга чейин токтотулду;

4. Германия чемпиондугу (Бундеслига) - 2-апрелге чейин токтотулду;

5. Франция чемпиондугу (Лига 1) - бардык оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылды;

6. Италия чемпиондугу (А Сериясы) - 3-апрелге чейин токтотулду;

7. "Катар 2022" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу боюнча Түштүк Америка континенти - белгисиз мөөнөткө жылдырылды;

8. "Катар 2022" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу боюнча Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу - белгисиз мөөнөткө жылдырылды;

9. АКШ жана Канада мамлекеттеринин чемпиондугу (МЛС) - 30 күнгө токтотулду;

10. Португалия чемпиондугу ( Зон Сагриш Лигасы) - белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Ал эми футбол боюнча Европа чемпиондугун (Евро 2020) өткөрүү же токтотуп турууну УЕФА уюму эртең, 17-мартта 55 өлкөнүн ассоциациялары менен жолугушуу учурунда кабыл алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан