Коронавирустун алдын алуу максатында акча жана монеталарды кармагандан кийин сөзсүз түрдө гигиена эрежелерин аткаруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Улуттук банк расмий сайтына жарыялады.
Маалыматта коронавирус инфекциясы башка вирустар же бактериялар сыяктуу эле бардык жерде, анын ичинде банкноттордун, монеталардын, кагаздын, смартфондордун, пластик карталардын жана башка буюмдардын беттеринде болушу мүмкүн экендиги айтылат.
"Банкноттор менен монеталар биринчи кезекте бир колдон экинчи колго дайыма өтүп турган төлөм каражаты болуп санала турганын эстен чыгарбоо зарыл. Жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо банкноттор, монеталар жана башка төлөм каражаттары аркылуу жугушу мүмкүн болгон инфекцияларды таратуу тобокелдигин азайтат", - деп эскертет Улуттук банктан.