Москвада коронавирустан улам киргизилген чектөө чаралары толугу менен качан алынары айтылды

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва шаарында коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөө чаралары толугу менен качан алынарынын болжолдуу күнүн айтты. Бул тууралуу Песков жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде айткан.

"Москвада өтө турган Жеңиш парадынан кийин борбор калаада эч кандай чектөөлөр болбойт деп үмүттөнөбүз", - деген Песков.

Ошол эле учурда ал бардыгы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болорун кошумчалаган.

Коронавирус пандемиясынан улам 9-майда өтпөй калган Жеңиш парады 24-июнда болору белгилүү болгон. Бул парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
natasha00
2020-05-31 22:03:21
15 июньда ачсын бут жакты уже надоело, Элде акча калбады!
+5
Rahim76
2020-06-01 13:36:08
natasha00,Приказ кучтуугоо
0
Aman_90
2020-05-31 22:26:22
Жакшы жанылык!Аллахыма чексиз шугурлор болсун!Карангы тундун артынан созсуз жарык нурлуу кун келет деген ушуда!
+11
natasha00
2020-06-01 02:43:04
Aman_90,Кудай буйурса деп турайлы!
0
Elina9695
2020-05-31 22:52:00
Москвага жол качан ачылат болду экен я
-1
KalenAlmaz
2020-05-31 22:58:54
Elina9695,2021
-6
Belek1710
2020-05-31 23:56:27
Москвадан кеткенче шашып, эми жол ачылса келгенче шашып, канча адам жакшы-жаман көрүнүп алышты жолдун айынан. Шашпай эле тургула эми!
+8
Arstan18.18
2020-06-01 00:26:01
Жениш парады 24- июньда. Песков жениш парадынан кийин бут чектоолор алынат деп ишенебиз дептир...
0
Birimdik5555
2020-06-01 15:32:00
Москвадагы чектоолор толугу менен качан ачылары айтылды десе суйунуп ачып окусам болжолдуу турдо дейт го
0
nazarnew
2020-06-01 17:34:42
1 июлда ачылат экен да ошондо, соке барып келгенден кийин. Ал келип изоляцияга андан дальше наркы дүйнөгө кетет.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан