Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Ооруканаларда бейтаптардын келүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Ооруканаларда бейтаптардын келүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чектөө Саламаттыкты сактоо министрлигинин шаардык башкармалыгынан 2020-жылдын 17-мартындагы буйругуна ылайык киргизилген. Ошону менен катар шаардык медициналык уюмдун башкы дарыгери ички алгоритмди катуу көзөмөлдөп турарын жана стационардык ооруканалардын арасында маалыматтык-окутуу иш-чаралары жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

"Урматтуу шаардыктар, коронавирус инфекциясын Бишкек шаарында жайылышын алдын алуу максатында стационардык ооруканаларга бейтаптардын келүүсүнө убактылуу чектөө киргизебиз. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бардык саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн медициналык эскертмелерди даярдап жатат.

Кымбаттуу шаардыктар, сиздерден вируска каршы профилактикалык эрежелерди сакташыңыздарды суранабыз. Көпчүлүк топтолуп өткөрүлгөн иш-чараларга, тойлорго, мааракелерге катышпаңыздар! Жеке гигиеналык эрежелерди сактап, өзүңүздөрдү сактаңыздар!" - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан