Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү окуу курстарын токтотуп турууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кыска мөөнөттүү окуу курстары, Жалпы республикалык тестке даярдоо, тил, компьютердик курстар, транспорт айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо курстары, менчигинин формасына жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, 2020-жылдын 17-мартынан 8-апрелине чейин 2020-жылы өз ишмердүүлүгүн токтотуп турууну сунуштайт", - деп жазылат маалыматта.