19-март саат 9:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны өзгөргөн жок. Оорунун жаңы учурлары жок. Баары биригип коронавирус боюнча 1987 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.
Кечээ, 18-мартта Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратынан келген 3 Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Кечээ күн ичиндеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе, анда ушул шилтемени басып өтүңүз.