Бүгүн, 2-апрелде Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын өттү. Онлайн жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев акыркы кырдаалга байланыштуу маалымат берди. Анда ал жарандарды тартип бузбоого чакырды. Айтымында, өзгөчө кырдаал учурунда дагы тартип бузган жарандар болуп жатат.
"Бишкек шаарына 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген. 25-марттан 1-апрелге чейин коменданттык саатты бузган жалпы 1 миң 76 адам кармалды. Анын ичинен эркектер 931, аялдар 145 болсо, жашы жете электер 14. Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал учурунда коомдук коопсуздукту сактоо максатында 32 чоң блокпост коюлган жана анын ичинен 76сы кичине блокпосттор. Коомдук коопсуздуктуу сактоого 3 миңден ашуун кызматкерлер тартылды", - деди ал.