25-июнга карата өлкөдө дагы 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бир суткада 228 жарандан коронавирус аныкталып, буга чейинки рекордду жаңылады.
Акыркы суткада коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 19у медициналык кызматкерлер экени маалым болду.
Коронавирустан 43-бейтап каза болду. Ал 49 жаштагы Тогуз-Торо районунун тургуну болгон.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү "Президент менен Москвага барган делегациянын мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүндө тапшырган ПЦР-тест сапатсызбы?" деген суроого "Сапатсыз ПЦР-тест жүргүзүлбөйт. Лабораториялар бирдей эле", - деп жооп берди.
Өлкөгө өзгөчө абалды киргизүү маселеси республикалык штабдын жыйынында каралары айтылды.
Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды.
Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Коронавирус инфекциясы Бишкек шаарында мындан ары да күч ала турган болсо, анда борбор калаа 15-20 күнгө жабылышы мүмкүн экенин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Ошондой эле борбор калаадагы коомдук тамактануучу жайлар көрсөтүлгөн санитардык эрежелерди сактабаса жабылары кабарланды.
Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспорт менен такси кызматынын иши токтотулат.
Чүй облусундагы Ысык-Ата аймактык ооруканасы обсервация катары пайдаланылып жатканы белгилүү болду.
Бишкектеги №3 гинекологиялык ооруканага түшкөн бейтаптан коронавирус аныкталып, төрөт бөлүмү жабылганы маалым болду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.