"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан 2 миллиондой бейтап сакайды

21-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 995 миң 127ге жетти. Анын арасынан 1 миллион 897 миң 533 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 328 миң 79 адам көз жумду.

Дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 551 миң 102 адам катталды. Андан 294 миң 312 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 93 миң 416 адам оорудан каза болду.

Орусияда 308 миң 705 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 85 миң 392 бейтап сакайып, 2 миң 972 адам дүйнө салды.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыккан Бразилияда 291 миң 579 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 116 миң 683 адам айыкса, каза болгондордун саны 18 миң 859га жетти.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан