"Өзүбүз эрежени бузбайлы". Эми өкмөт маалымат жыйындарды онлайн түрүндө өткөрөт

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жана анын өлкөгө келүүсүнүн алдын алуу боюнча өкмөт 16-марттан тартып журналисттерге маалымат жыйын берип жаткан. Бүгүн, 19-мартта эртең менен коронавирусту жуктургандардын абалы жана ага карата көрүлүп жаткан иш аракеттер боюнча саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат берди.

Жыйындын соңунда өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов мындан ары маалымат жыйындар онлайн түрүндө өтө турганын жарыялады.

"Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча массалык жыйындарга тыюу салынган. Өзүбүз да эрежени бузбайлы, мындан ары маалымат жыйындар онлайн форматта өтөт. Атайын бир байланыш номер иштейт. Ошол жакка журналисттер суроолорун жөнөтөт, маалымат берүүчү тарап аларга онлайн түрүндө жооп берет", - деди Эсенгулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан