Италия коронавируска каршы күрөшүүдө Орусияга ыраазычылык билдирди

Италиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Энцо Вичерелли Орусия жөнөткөн жардамга ыраазычылык билдирди. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, Орусия Италияга керектүү жабдыктарды жеткирген. Муну менен бирге адистер дагы көмөк көрсөтүү максатында барышкан.
Эки тараптуу макулдашуунун негизинде орусиялык аскердик медиктер жана вирусологдор коронавируска каршы күрөшүүдө жардам беришет.

"Италия элинин атынан кыйын кезеңде Орусияга көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирем. Жиберилген көп сандаган материалдар жана адистер үчүн рахмат!" - деген Вичерелли.

Италия COVID-19 пандемиясынын жуктуруп алгандардын саны боюнча Европадагы өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда Италияда вирусту 63 миң 927 адам жуктурган болсо, 6 миң 77 адам каза болуп, 7 миң 432 адам айыгып чыкты. Муну менен Италия дүйнөдөгү вирусту жуктургандардын саны боюнча (Кытайдан кийин) экинчи орунда болсо, каза болгондордун саны боюнча биринчи орунга чыкты. Ал эми сакайгандардын саны боюнча (Ирандан кийин) үчүнчү орунда турат.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-24 08:29:58
Эртең эле короновирусту жеңгенден кийин санкция деп башташат.
+8
aydinnur
2020-03-24 08:45:42
Ошого кудай жардамды берсен орустан бер да,Путинге ден-соолук деп отуралы.Демократия деп бакырган Евросоюз АКШ баш болуп,бир-бирине жардам бермек тургай,чек араларын жаап,оз алапайларын таппай калышты го..
+6
Kylychisa
2020-03-24 08:53:29
Орустар каерде чп болсо баатыр болуп чыга калат бирок озунун абалын карабай эле.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан