Бүгүн, 18-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 74 миллион 887 миң 390 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 42 миллион 2904 миң 685 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 660 миң 281 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 17 миллион 195 миң 926 болду. 310 миң 434 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 57 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 956 миң 557 адамдан аныкталды. 144 миң 451 адам каза болсо, 9 миллион 489 миң 740 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 110 миң 434 адам вируска кабылган. 184 миң 827 бейтап көз жумса, 6 миллион 301 миң 547 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.