ӨКМ: "Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү коркунучу жок"

Коронавируска байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү коркунучу жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн өткөн маалымат жыйында билдирди.

Онлайн жыйында журналисттер тарабынан алдын ала кат түрүндө суроолор жөнөтүлгөн. Анда өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү маселеси барбы деген собол берилген.

"Бизде андай коркунуч жок жана аны киргизүүнүн кажети жок. Бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары өзгөчө кырдаал деңгээлге бөлүнүп, төмөндөгүдөй шартта киргизилерин кошумчалады:

- Эгерде бир райондун экиден ашык айылында кооптуу жагдай болсо райондук деңгээлдеги;

- Бир облустун экиден ашык районунда кооптуу жагдай катталса облустук деңгээлдеги;

- Бир облустун бардык аймактарында кооптуу жагдай орун алса, анда республикалык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланат.

Өзгөчө кырдаал жарыяланганда аны түздөн-түз премьер-министр жетектейт, анын орун басары милдетин өзгөчө кырдаалдар министри аткарат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2020-03-19 20:27:07
Коркунуч жок деп кобойтуп албай элди уйдон чыкпагыла десенер 15 кун уйдо олтурса эч нерсе болбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан