Бүгүн, 3-июнга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатып Октябрь райондук акимиатынын 4 кызматкеринен да коронавирус аныкталганын айткан. Ал эми Свердлов райондук акимчилигинен 1 адамдан оору табылды деген Үсөнбаев.
Бишкек мэриясы коронавирус аныкталган жарандар акимиаттын эмес, Октябрь райондук билим берүү борборунун кызматкерлери экенин кабарлады.
"Октябрь райондук билим берүү борборунун 4 кызматкеринен оору аныкталды. Мындан улам билим берүү борборунун жетекчиси жана 40 кызматкери үй карантинине жөнөтүлдү. Мындан тышкары Свердлов райондук акимиатынын каржы адисинен коронавирус аныкталды. Аны менен 5 киши байланышта болгон. Илдет аныкталган кызматкерлер ооруканага жаткырылды, алар менен байланышта болду делинген жарандар үй карантиндик шартында медиктердин көзөмөлүнө алынды", - деп айтылат маалыматта.
Октябрь жана Свердлов райондук муниципиалдык мекемелеринде штаттык режимде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат.