Кытай коронавирусту изилдөөгө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун кийлигиштирбей жатканы айтылды

Кытай бийлиги коронавирустун пайда болуу себептерин изилдөө процессине Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кийлигишүүсүнө уруксат бербей жатат. Бул тууралуу уюмдун Кытайдагы өкүлү билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.

Адистердин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вирустун пайда болуу себептерин билүүсү мындан ары катачылыкка жол бербөө үчүн маанилүү.

"Кытайда вирустун келип чыгуусун аныктоо үчүн улуттук изилдөө болуп жатат. Бирок биз чакырылган эмеспиз. Саламаттыкты сактоо уюму Кытайдын тиешелүү министрлигине жана структураларына расмий кайрылуу жиберүүнү улантат. Кытай бийлиги аталган уюмга Ухан шаарындагы эки вирусологиялык лабораториянын документтери менен таанышып чыгууга уруксат берген эмес. Бирок вирустун пайда болуу тарыхы тууралуу жасалган изилдөөдө лабораториялык жазуулар ар бир докладдын бөлүгү болушу керек эле", - деп белгилеген адис.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2020-05-01 20:18:19
Эшектер оздору ойлоп тапкан вирусда. Кытайлар жер жузунон кырылып жок болуп кетсе экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан