21-мартка карата Сузак районунда 8 коронавирус катталган учурга байланыштуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов облус тургундарына кайрылды.
Учурдагы облустагы кырдаалга байланыштуу жарандар үйлөрүнөн чыкпай, абалды туура түшүнүү менен кабыл алуусу керек болууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов жарандарды үйдөн чыкпай турууга чакырууда. “Сузак районундагы Атабеков, Сузак, Кызыл-Туу жана Ырыс айыл өкмөттөрүндө жашоочулардын кандай гана маселеси болбосун кирбей туруусун суранат элем. Оорунун жайылып кетпөөсүнө бөгөт коюу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле жашоочулар өздөрүнүн жана үй-бүлөлөрүнүн ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жөнү жок үйдөн чыкпай турушу керек”, - деди Мирзахмедов.