Бишкектеги ири базарлардын бири болгон "Дордой" базары карантинге жабылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына базарда сатуучу болуп иштегендер билдиришти.
Алардын айтымында, 23-марттан баштап "Дордой" базары белгисиз мөөнөткө жабылат.
"Учурда администрация кулактандыруу илип жүрүшөт. Бирок азык-түлүк саткан бөлүгү иштей берет экен", - дешти сатуучулар.