Мирзахмедов: "Жалал-Абадда оорулуулар качкан жок, дарыгерлер иштеп жатат. Жалган маалымат тараткандар жооп берет"

"Оорулуулар качкан жок, дарыгерлер иштеп жатат. Жалган маалымат тараткандар жооп берет". Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Социалдык тармактарда, WhatsApp группаларда Жалал-Абад дубанындагы коронавируска байланышкан жалган маалымат тараткандарга ишенбеңиздер. Жалал-Абад облустук ооруканадагы илдетке кабылгандар, обсервацияга алынгандар качкан жок, дарыгерлерде иш таштоо болгон эмес", - дейт облус башчысы.

Айтымында, күмөндүүлөр, илдетке кабылгандар менен байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

"Үйүндө олтуруп алып, элди удургутуп маалымат тараткандарга ишенбөөгө чакырам. Алар мыйзам чегинде жооп берет. Баса белгилеп кетейин, жалган маалымат тараткандар жооп берип каласыздар. Андыктан, ар кандай маалыматтарды тарата берүүдөн алыс болуңуздар. Урматтуу калайык калк, сиздер маалымат каражаттарына ишениңиздер. Биз маалыматты журналисттерге берип жатабыз", - Мирзахмедов.

Жалал-Абад облустук биргелешкен оорукана жетекчиси Кумарбек Ботокараев ар кандай ушак сөз, айың кеп менен дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратпоого чакырды.

"Биздин оорукананын кызматкерлери штаттык режимде толук иштеди. Коронавируска күмөндөлүп түшкөн оорулууларды караган инфекциялык бөлүмдүн кызматкерлери, дарыгерлер иштеп жатышат. Маанайлары жакшы. Бүгүнкү күнгө чейин санитар же мед айымдан "мен кетемин" деп арыз жазган кызматкер болгон жок. Эч кандай бейтаптар арасында качуу деген нерсе орун албады. Элге кайрылып кетээрим, дүрбөлөң салып, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратпагыла. Калк үчүн иштеп жаткан дарыгерлердин көңүлүн бөлбөңүздөр", - деди Кумарбек Ботокараев.

Сузак райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Замира Чойбекова: "Сузак районунда медицина кызматкерлери ак халаттарын чечкен жок. Жалган маалыматтарга биз капабыз. Бул абалдан чыгуу үчүн калайык калк үйдөн чыкпаңыздар", - деди.

Жалал-Абад ОИИБи тарабынан да бул багытта жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилип, тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2020-03-22 07:23:28
Ошол паника салып жоноткон жаранды камагыла . Мага да келди ватсаптан . Акмак келесоого чамасы..
+2
cholpon119966
2020-03-22 08:45:55
Чон риск зонасында омуру менен ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлерине моралдык колдоо корсотуунун ордуна кылган жоругубуз бул, уялыш керек, бардык нерсенин чеги бар. Мен да ошол жалган маалымат таратып, элди дурботкусу келген, элге "куйгон" ошол акмакты таап жоопко тартылышын талап кылат элем. Башкаларга сабак болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан