"2 жашка чейинки 12 бала бар". Ошко Екатеринбургдан Кыргыз жарандары кайтып келишти

Бүгүн, 10-августта Екатеринбургдан Ошко "Урал авиалиния" ААКнын чартердик каттамы менен 219 Кыргыз жараны учуп келди. Алардын арасында 2 жашка чейинки 12 бала бар. Бул тууралуу маалыматты Республикалык штабдан кабарлашты.

"Бул каттам менен Ошко Кыргыз өлкөсүнө кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда "Урал авиалиниялар" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан