Эмне үчүн Германияда коронавирус жуктуруп алгандар көп, бирок бул илдеттен каза болгондор башка өлкөлөргө караганда аз? Эксперттин пикири

Германияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көп болгонуна карабай, бул илдеттен каза болгондордун саны аз болуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Германияда 16 миң 600дөн ашуун адамдан коронавирус аныкталган, учурда каза болгондордун саны 47 адам болгон. Ошол эле учурда Италияда жуктуруп алгандардын саны 53 миң кишиден ашуун, ал эми каза болгондор 4 825 адам. Мындайча айтканда, Германияда коронавирус жуктуруп алгандар Италияга караганда үч эсе аз, бирок Италияда каза болгондордун саны 100 эсеге көп.

Эксперттер мындай айырманы Германияда коронавирусту баштапкы стадиясында аныктап жатышканына жана жуктуруп алгандар салыштырмалуу жаштар экендигинде дешүүдө. Роберт Кох институтунун эсептөөсү боюнча, Германияда илдетке чалдыккандардын 80 пайыздан ашууну 60 жашка чыга электер. Германияда адистер апта сайын 160 миң анализ жүргүзүп жатат. Немистердин мындай мүмкүнчүлүгү керек болсо, бардык европалык мамлекеттерде жүргүзүлүп жаткан анализдерди кошсо да Германияныкына жетпейт. Массалык тест жүргүзүү кыска убакыттын ичинде каза болгондордун санын азайтат дешет немис дарыгерлери. Алардын айтымында, массалык түрдө тест жүргүзүү симптому жок айрым коронавирус жуктуруп алган адамдарды аныктоого жардам берет жана башкаларга жуктурбоого бөгөт коюлат.

Дагы бир фактор - бул ооруканалардын керектүү жабдыктар менен толук камсыз болуусу. Марттын орто ченинде Германиянын өкмөтү жасалма дем алдыруу 10 миң аппаратка буюртма берди. Ага чейин аталган өлкөдө 25 миңдей аппарат бар болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
engel
2020-03-22 13:49:46
Немцы есть немцы! Молодцы
+9
murat17
2020-03-22 13:54:31
мына немецтер
+9
pyeon hwa
2020-03-22 13:56:20
Италиянын жанылыгынан айткан еле Германия жашырып жатат деп! Бирок врачтары кучтуу Германияныкы
+9
kleine
2020-03-23 02:30:50
pyeon hwa,чындыгында Германияда врачтар кучтуу эмес. Буларда медициналык жабдыктар, техникалар ото кучтуу. Арасында албетте бар кучтуу врачтар, бирок ото аз. Немистер оздору мурунку советтер союзунан келген врачтарды ото кучтуу деп баалашат...
0
murat17
2020-03-23 10:06:26
kleine,сен кайдан билесин
0
kleine
2020-03-23 11:29:35
murat17,чогуу иштейм.
0
NURSAPAR
2020-03-22 14:15:07
Эээ айланайындар Кыргызстаным дале аракет кылып жатышат
+10
expert.007
2020-03-22 19:10:37
Өлгөндөрүн жашырып атышат да
-6
murat17
2020-03-22 22:18:26
expert.007,жашыргыдай сага северный Корея же Туркменистан дейсинби
+4
HHFRU
2020-03-23 15:48:09
expert.007,жашырбай эле күнүгө маалымат берип турушат Германияда. Бүгүнкү күнгө 25.000 адам жуктуруп алган, 94 каза болду. Массалык тест жүргүзгөн жок, оорулуу адамдар менен контактта болгондор жана оруу катталган региондорго баргандар гана текшерилип жатат.
0
zamakure
2020-03-23 09:24:38
Кыргызстан деле ото кучтуу
0
zamakure
2020-03-23 09:25:16
Буюрса олум жок болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан