Өлкөдө 23 адам коронавирус жуктурду, анын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталды. Жалпы саны - 489

Бүгүн, 17-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн жыйын берүүдө. Анын айтымында, бүгүнкүгө карата 23 адам коронавирус жаңы жуктурду.

Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Ош облусу – 4;
Ош шаары – 2.

Коронавирусту жуктургандардын 15и аял, 8и эркек.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 489га жетти. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусунда – 93;
Ош облусунда – 135;
Ош шаарында – 73;
Чүй облусунда – 28;
Бишкек шаарында - 102;
Баткен облусунда – 5;
Нарын облусу – 45;
Ысык-Көл облусунда – 8 адам катталды.

17-апрелге карата жалпы стационарда – 370 бейтап жатат, алардын ичинен реанимацияда – 4өө бар.
Ооруканадан чыгарылганы – 114. Каза болгону – 5 адам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
erlan2196
2020-04-17 10:24:05
Кунуго чыгып жатат. Жакында токтобой калды. Баардык олколор чек араларын жапты. Кыргызстан остров бойдон калдык. Ким качан чек арасын ачат, эч ким билбейт.
-5
kuttubekuzgen
2020-04-17 10:48:41
erlan2196,баардык мамлекеттен эле чыгып жатат бир эле Кыргызстан эмес.
+4
elebes86
2020-04-17 10:34:08
Бизде дем алдыруучу аппарат дагы аз. Эгер ооругандардын саны кобоюп кетсе баардыгына аппарат жетпейт. Кимге жалдырасак болот. Баягы эле Кытай, Россия.
+2
Bars88
2020-04-17 11:20:57
Айыккандарды кемитип жазгылачы аларды дагы кошуп жаза бербей
+7
basyz-kaman
2020-04-17 14:21:07
Жалал-Абадта токтоду окшойт бул да болсо убагында карантин киргизилгендин пайдасы. Буйруса женебиз коронавирусту.
+3
Aikaaaa
2020-04-17 17:24:32
basyz-kaman,оозуңа май, токтосо экен. Уже коробкада отуруп жинди болоюн деп калдык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан