Бишкек мэриясы ыктыярчылар тобун түзүүдө

Социалдык жана медициналык мекемелер жана балдардын реабилитациялык борборлору менен балдар үйлөрү карантинге жабылганына байланыштуу мэрия ыктыярчылар тобун түзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда мындай чара жардамга муктаж адамдарга өз убагында көмөк көрсөтүү максатында жасалып жатканы айтылат.
Мэрия өлкө үчүн оор кырдаалда өз жардамын бергиси келген жарандар координаторлордун номурларына байланышса болорун эскертет.
Ыктыярдуу жардам берүү иштери боюнча координатор Насипа Султанкулованын номери 0557 706 575.
Ал эми райондор боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылса болот:
Ленин району – 0772 71 71 62 Керимкул Кудайбергенов;
Свердлов району – 0702 04 64 29 Айжамал Токтобекова;
Биринчи Май району – 0702 42 73 81 Нарынкүл Абсаматовна;
Октябрь району – 0708 16 51 56 Улан Жолдошбеков;
Социалдык өнүгүү башкармалыгы – 0700 90 14 80 Перизат Мукамбетова.
Ошондой эле шаардык мэрия коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын болтурбоо боюнча эсеп ачты. Түшкөн каражат тепловизорлорду, антисептикалык каражаттарды, шприц, коргонуучу кийимдерди жана башка дезинфекциялоочу каражаттарды алуу үчүн жумшалары айтылат.
Атайын эсеп: 4402061213012249
ИНН: 01710199610068
БИК: 440001
Код : 14411100
Атайын эсеп боюнча толук маалымат: 0777 11 97 71, 0755 00 17 77, 0772 66 53 77 (WhatsApp).
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан