Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкты. Бул тууралуу анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.
"Атамда эми коронавирус жок. Биз анын тийгизип кеткен кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып жатат. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек. Тилекке каршы атамды кантип дарылап жатышканы тууралуу айта албайм. Ал айыгып чыкканда сөзсүз жазып коём", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.
Буга чейин 5-майда COVID-19 инфекциясы диагнозу менен ооруканага коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөнү маалымдалган. Анда бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы айтылган.