Коңшу Казакстанда "Спутник V" вакцинасы менен калкты эмдөө башталды

Бүгүн, 1-февралдан тарта коңшу Казакстанда калкты коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, биринчи эмдөө медициналык кызматкерлерге, полиция кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине жана COVID-19 оорусунун тобокелдиги жогору болгон башка кесиптин өкүлдөрүнө жасалат. Эмдөө Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен жүргүзүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда жалпы 234 миң 569 адамдан коронавирус аныкталып, 3 миң 45 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан