Сооронбай Жээнбеков коронавирус менен күрөшүү үчүн март айындагы маянасын которду

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков март айынын айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп бөлүмгө которду. Өлкө башчынын бир айлык маянасы 53 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин маалым болгондой, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп бөлүмгө эң көп суммадагы акчаны саясатчы Өмүрбек Бабанов которгон. Ал пандемияга каршы күрөшүү үчүн 3 миллион сом бөлгөн.

Мындан сырткары депутат Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которгон.

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 5 миллион 294 миң 358 сом чогулган. Топтолгон акчалар азырынча коротула элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
fora
2020-03-23 13:09:22
Президент менен аз алатго
-11
Alimbek1000
2020-03-23 13:13:55
Бизде кайрымдуу инсандар көп экен. Кыргыз бири-бирине кайдыгер эмес экен. Президентибиз баш болуп кайрымдуулук кылып жатышат бар болушсун.
+12
chake
2020-03-23 13:23:19
Президент баш болуп кайрымдуулук кылган бизнесменлерге да чоон рахмат сөзү менен буудай кууруганда рбаягы эле таз кейпиде бир жерден дагы акылдуу болуп чыгат бир күн бышкан ашка сынчы коп болуп
+7
omurbek1990
2020-03-23 13:42:09
chake,Мадумаров. Таптымбы?
+7
Jaznura
2020-03-23 13:33:28
Президент баш болуп жардам берип жатат. Баарыбыз колдон келген жардамды аябайлы. Жардам бере албай калсак зыян жеткирбейли.
+5
tairbek
2020-03-23 13:34:38
Кечээ эле кылган жардамынарды эч кимге жарыя кылбагыла деп озу айтып чыкты элего, бул жагы кандай болот эми
-2
Jaznura
2020-03-23 13:50:35
tairbek,сен эмне жардам кылып жатасын?
0
JaneEr
2020-03-23 13:58:12
Президентибиз ушундай кыйын кундо жакшы иштеп жатат эл учун!!!
-1
Makul
2020-03-23 13:59:29
Президентибиз аябай көп акча которуптур ! Молодец!!! Ушундай президентибиз барда биз эч нерседен кем болбойбуз!!!
-4
AksyKum
2020-03-23 14:04:14
Президент Сооронбай Жээнбеков деш керек.
-15
assanov97
2020-03-23 15:41:59
AksyKum,Соке
-2
Ulan2601
2020-03-23 16:40:05
Азербайджандын презеденти 1 жылдыгын которду
+3
tular
2020-03-23 18:05:34
Байкуш эми эмки айлыка чейин кантип жашайт?!
+4
toko84
2020-03-23 19:57:36
Президентке чоон рахмат үлгүлүү иш кылды!!!
-2
Makul
2020-03-23 21:59:32
Байкуш президентибиз колунан келген жардамын берип атат да. Бир айлык маяна оңой бекен! Кийинки айлыкты алганга чейин кандай кыйналат эми карыз болуп. Биз 1 айлык маянабызды да бере албайбыз. Ал болсо эч аябастан эле берем деп койду го!!! Буга баа беришибиз керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан