АКШ менен Кытайдын ортосунда саясий согуш башталып кетиши мүмкүн. Мындай пикирин орусиялык саясат таануучу Алексей Пушков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"АКШ менен Кытайдын тирешүүсү мурда эле бар болчу. Эгер Кошмо Штаттар Кытайды COVID-19 тууралуу маалыматтарды жашырып жатат деп айыптаса, тирешүүлөр саясий согуш формасына өтүшү ыктымал", - деп жазган Пушков.
Буга чейин Американын "Fox News" телеканалы маалымат булактарына таянып, COVID-19 жуктурган биринчи бейтап Ухандагы Вирусология институтунун лабораториясында иштеген адам болгонун айтып чыккан. Ал эми Кытайдын Тышки иштер министрлиги бул сөздөрдү четке кагып, чындыкка дал келбестигин айтып чыккан.
Кытай 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухан шаарында белгисиз вирустун тараганын билдирген. Адистер аны жаңы коронавирус козгогондугун айтышкан.