Мусулмандар дин башкармалыгы коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары айлыктын эсебинен 700 миң сом которду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, бөлүнгөн каражат Саламаттыкты сактоо министрлигинде ачылган эсепке которулду.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 23-мартта маалымат жыйын өткөрүп, анда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 8 миллион 702 миң сом түшкөнүн кабарлады.