Бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөдөгү экономикалык абал жөнүндө онлайн маалымат жыйын берди.
"1-майдан баштап кээ бир тармактарга иштөөгө уруксат берилди. Мөөнөт кыска болуп жатат. Аз убакыттын ичинде биз бардыгын өткөрмө кагаздары менен камсыздашыбыз керек. Сиздерден келген кайрылуулар убагында каралбай калса, муну туура түшүнүш керек. Бул өткөрмө кагаз системин комендатурадагы 10 кызматкер тейлейт. Бүгүндөн баштап бул командага дагы кошумча кызматкерлерди тартабыз.
Өткөрмө кагаздары тууралуу кайрылуулар миң, он миң, жыйырма миңден ашышы мүмкүн. Ошондуктан биз күнү-түнү, майрамдарга карабастан иштөөгө даярбыз", - деди вице-премьер.