Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 11-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

Ооругандардын жалпы саны 339га жетти. Коронавирус дагы 41 жарандан аныкталды. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Бишкекте болду (12 киши).

11-апрелге карата 5 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгышты. Муну менен жалпы айыккандардын саны 44.

Өлкөдө коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны дагы өсүп, жалпы 51ге жетти.

Өкмөт башчы бүгүнкүгө карата коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө 183 миллион 395 миң сом жумшалганын айтты.

Мындан тышкары тест тапшыргандардын анализи чыгып, алардын акыркы байланыштары табылмайынча карантин токтотулбай турганын билдирди.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан