Комендант: "Сутка ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 22 кылмыш иши катталды"

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматтарды берип жатат.

"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 22 кылмыш иши катталды. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 6 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
men70
2020-04-26 18:58:12
Ишинизге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан