Ысык-Көл облусунун Жаркынбай айылынын тургунунун дене табы жогорулап, инфекциялык ооруканага жаткырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору билдиргендей, бейтап ооруканага кечээ, 22-мартта жаткырылган.
"1991-жылы туулган айыл тургуну 18-мартта Кипрден келген. Анын дене табы жогору болуп жатканын айылдагылар айтышкан. Учурда ал Чолпон-Атадагы ооруканада жатат. Андан коронавируска тест алынды, жыйынтыгы чыга элек. Абалы канааттандырарлык, бүгүн дене табы жогорулаган жок. Ал эми бейтап менен байланышта болгондор үй карантининде", - деди ал.