Футбол боюнча өлкө чемпиондугу 8-майда башталат. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасы билдирүү таратты.
"Коронавирус пандемиясынан улам өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу Кыргыз профессионалдык футбол лигасы Кыргыз Премьер-Лигасын 8-майга чейин жылдырды", - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жалпы чогулуш учурунда Кыргыз Премьер-Лигасын 11-апрелге чейин токтотуу чечими кабыл алынган.