IV чейректе видео сабактарды кайсы телеканалдардан көрсө болот? Министрликтин жообу

Окуучулар үчүн видео сабактар классына жараша ар кайсы телеканалдардан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"8-апрелден тартып IV чейректин сабактары кайсы телеканалдардан көрсөтүлөрү маалым болду. Алар:
• 1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн - “Баластан” КТРК;
• 5-11-кластын окуучулары үчүн - “Илим Билим” ЭлТР, "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" көрсөтүлөт.
Ушул эле видео сабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер жана башка министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан