Ички иштер министрлиги: "Журналисттер үчүн эч кандай чектөөлөр коюлбайт"

Бүгүн, 25-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында "Журналисттердин кыймыл-аракетине чектөө коюлабы, аккредитация маселеси кандай болот?" деген суроо берилди.

"Мен Бишкек шаарынын коменданты катары журналисттер үчүн эч кандай чектөө коюлбайт деп айта алам. Бирок аккредитация маселеси боюнча республикалык штаб менен сүйлөшүп, мыйзамдын чегинде эрежелерди иштеп чыгабыз. Жакында бул маселе боюнча так жооп беребиз", - деп жооп берди Орозалиев

25-мартта өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан