Коронавируска байланыштуу Ош шаарына кирүүгө чектөө киргизилди

Бүгүн, 18-март күнү умрадан келген Сузактын 3 тургунунда коронавирус аныкталды. Мындан улам Ош шаарына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ош мэриясында коронавирус инфекциясын алдын алуу жана вируска каршы күрөшүү чарасы боюнча жыйын болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн жарандарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоосун айтты. "Учурдагы абалга ылайык, жарандар башкалар менен байланышын чектөөсү зарыл. Дүкөн менен дарыканалар штаттык режимде иштей бермекчи", - деди шаар мэри.

Ошондой эле Ошко башка аймактардан кирүүгө чектөө киргизилери белгиленди.

Жыйында Ош шаардык аэропорттун жетекчиси Талантбек Ысаков: "Учурда Ош аэропортунда ички каттамдар жүргүзүлүп жатат. Эл аралык авиакаттамдар убактылуу токтотулду", - деп билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2020-03-18 15:01:52
Оштун МЭРи Коронавирус тийбесин деп фамилиясын өзгөрткорбү?Же суперчилер сабатсызбы?Азыр коросунор ката жазган фамилядан мурун менин жазган комментими өчүрөт.
+2
bekbol2006
2020-03-18 17:07:01
Туура эле жазылып туратко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан