Азербайжанда жашы 65тен өткөн адамдар абактан чыгарылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги коронавирус эпидемиясына байланыштуу камактагы улгайган кишилерге ырайым кылат. Жашы 65тен өткөндөрдү эркиндикке чыгаруу тууралуу жарлыкка президент Илхам Алиев 6-апрелде кол койгон. Жакынкы күндөрү 176 адам абактан чыгары айтылган.
Ырайым алгандардын арасында белгилүү аткаминерлер дагы бар экени маалыматта жазылган.