Кыргыз өлкөсүндө обсервацияда жаткан Франциянын жараны инсультка кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта ага тийиштүү дарылануу дайындалганы айтылды.
"Аталган жаран Улуттук хирургия борборунда изолятордо жатканда инсультка кабылган. Ден соолугуна байланыштуу чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин, ТИМдин жардамы менен бул жаран жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.