Жогорку жана кесиптик окуу жайларынын студенттери дистанциялык окууга өтүшөт

Жогорку жана кесиптик окуу жайларынын студенттери дистанциялык окууга өтүшөт. Мындай буйрукту билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Буйрукка ылайык, билим берүү уюмдарынын жетекчилери онлайн окууларды колдонуу менен ага көзөмөл жүргүзүшү керек. Дистанциялык технологияларды колдонуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам уюштурууга милдеттендирилет", - деп жазылат буйрукта.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери бардык курстардын студенттери үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын 2020-жылдын 30-мартына чейин Билим берүү жана илим министрлигине берүүсү керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oscar
2020-03-25 20:17:40
Өзбекстандай кылып эки ай интернетти бекер кылып берсе жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан