"Жашоо таттуу, жан ширин". Бир бутунан ажыраган жаран жардамга муктаж

Алмазбек Калдыбаев 47 жашта. Анын бир бутун оорудан улам дарыгерлер мындан алты жыл мурун кесип салышкан. Азыркы тапта батирде жалгыз жашаган ал тагдыры тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Азыркы учурда өзүм жалгыз батирде турам. Үй-жайым, бала-чакам, үй-бүлөм да жок. Мындан алты жыл мурун дарыгерлер бир бутумду кесип салышкан. Карантинде бутум каралбай, ириңдеп кеткендиктен, кечээ эле бутума кайра операция жасашып, ооруканадан жаңы эле чыгып келдим. Турмуш шартым начар болуп, эч нерсеге жетпей жүрүп, жетем деп, жанымды карч уруп иштеп ден соолугумдан айрылганмын. Ден соолугуң болбосо, эч кимге деле керегиң жок болуп калат экенсиң. Жардам сурасаң баары эле жардам бере бербейт. Албетте, арасында берешендери бар. Чынында жардам берүүгө эч ким милдеттүү эмес экенин да билем. Азыр кадамың акча болуп турганда, акчага муктаж болот экенсиң. Башында бутумдун кесилбей калуусун каалап, болушунча эле сабыр кылып, 6 ай төшөктө жатып, 3 жолу операция болдум. Бирок айыкпай, абалым начарлап, жыйынтык чыкпай койду.

Анан жанымдын ооруганы жанга батып, кестирүүгө аргасыз болдум. Кечээ бутум ооруганда дагы ооруканага бара албай карайлап жүрдүм. Кудайга шүгүр, жардамга кол сунган жарандар жок эмес. Кошуна иним абалымды байкап калып, унаасына салып ооруканага алып барды. Анда дагы ооруканалар кабыл албай, көп кыйналдык. Кийин ошол иним тааныш дарыгерлерине сүйлөшүп, мени операция жасашты. Тууган-уруктарым деле бар, алар деле бардар жашашпайт. Ар кимдин өздөрүнө өлчөнгөн тамак-аштары бар да. Туугандарым болушунча жардам берет, аларга рахмат айтам. Өлүп деле калсам деп ойлонгонуң менен анын кереги жок экен. Себеби жашоо таттуу, жан ширин. Өлүү деле оңой эмес, ажалың эле келип өлүп кетпесең", - деп баяндады ал тагдырын.

Эгер сиз жаранга жардам берүүнү каалаган болсоңуз, анда 0(707) 192 683 номерине байланышып, жардам колун сунсаңыз болот. Дареги: Сокулук району, Киркомстром айылы, Баятов көчөсү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
serche
2020-04-15 16:56:13
Кудайым жардамчы болсун. Берешен адамдар чыгып калса экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан