Казакстанда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу жарандар онлайн түрдө үйлөнүү тойлорун өткөзүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, онлайн тойду алгач Нур-Султан шаарынын тургундары өткөргөн. Азамат жана Асель өзүнүн тоюн март айына болжошкон. Аселдин кыз узатуу тою анын туулуп өскөн Арысь шаарында өтмөк. Бирок болуп жаткан кырдаалдан улам кыздын ата-энеси балдарды көпкө күттүрбөй видео чалуу аркылуу өз баталарын беришкен.
"Алгач биз эмне кыларыбызды билбей көпкө ойлондук. Кырдаалды түшүнүп, биздин саламаттыгыбыз үчүн жубайымдын ата-энеси батасын видео чалуу аркылуу беришти. Мечиттен атайын молдо чакырып никебизди кыйдырып, үй-бүлөбүз менен белгилеп койдук. Биз Казакстандын жарандарыбыз, өлкөбүздө болуп жаткан абалды түшүнүп тобокелдикке барган жокпуз. Мындай учурда ар бир адам жоопкерчиликти сезе билиши керек", - деп билдирген Азамат.