Торонто университетинин окумуштуулары Египетте коронавирус жуктургандардын саны 19 миң экенин билдиришкен. Расмий бийликтин берген саны - 200

Канададагы Торонто университетинин окумуштуулары Египетте коронавирус жуктургандардын саны расмий маалыматта айтылгандан бир нече эсе көп экенин өздөрүнүн изилдөөсүндө көрсөтүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматта аталган университеттин окумуштуулары бул изилдөөсүн 2 апта мурун жүргүзүшүп, анда Египетте коронавирусту жуктургандар 19 миң экенин көрсөтүшкөндүгү жана расмий каттоодон өткөндөрдүн саны ал учурда 200 деп берилгендиги айтылат.

"Бул иммунитети күчтүү адамдардын 80 пайызында коронавирус эч кандай симптомдору жок эле өтүп кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Эгер жеңил формада болсо адам көп кыйналбай эле ал ооруну жеңип кетет. Мындан улам коронавирус жайылган өлкөлөрдө коронавирус жуктургандардын чыныгы саны көп болушу мүмкүн. Вирус өлкөгө расмий аныкталганга чейин эле келиши да мүмкүн", - деп жазылат анда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан